SIBELIUs долбоорунун маанилүү бөлүгү болуп, малчылар менен жайыттарды туура пайдалануу темасында маектешүү менен алардын көйгөйлөрүн ачык түшүнүү болуп саналат. Бул маалыматтарды эске алуу менен жайыттарды туура пайдалануу боюнча маселелерди, биздин долбоордогу спутниктерден алынган маалыматтарды пайдалануу аркылуу чечүү менен аларга жардам берүү жолдору каралды. Биздин долбоордун максаты аларга жайыттардын экологиялык абалын ачык-айкын көрсөткөн спутниктен алынган сүрөттөрдү пайдаланууга даярдоо болуп саналат.
2020-жылдын февраль жана март айларында монгол жараны Батбуян Батджав (CNPS) жана Айбек Карабаев (Мерсико) эки облустун пилоттук аймактарында долбоордо белгиленген иштерди жасашты – жайыт пайдалануучулар (201 кожолук) менен сурамжылоо (интервью) аркылуу көйгөйлуу маселелер аныкталды жана бизин долбоордун артыкчылыктары тууралуу аларга информация берилди.
Батбуян Батджав жазгы сурамжылоо жумуштарында көп сүрөттөрдү жана видеоматриалдарды тартты. Алар көрсөтүп тургандай айылдагы дыйкан менен мал чарба жамааттары жана алар байланышкан жайыттар маселеси – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Казыбек, Ат-Башы айыл аймактары боюнча, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак – Башат жана Жайыл айыл аймактары боюнча биздин долбоор алкагындагы көп материалдар, сүрөттөр жана видеолор чогултулду. Алар биздин долбоордун ишинде пайдаланылат.
Ак-Муз айыл аймагынын жайытындагы жайылган топоздор климаттык табыгый катаал шартка өтө чыдамкай жаныбарлар жана малчылардын үй-бүлөлөрү үчүн пайдалуу, бийик тоолуу аймактарга жашоого ылайыкташкан баалуу үй жаныбары болуп эсептелет.Ак-Муз айыл аймагындагы Жайыт комитеттин кеңсеси.Тайган: кыргыздын салттуу аңчылыгында пайдаланылган ит.Көпчүлүк малчылар жайыттарда мал сугарууга суу жетишсиз экендигин маалымдашкан жана жайыттардын малга суу беруу маселеси курчуганын, жылдан жылга жаан-чачын аз жаап жаткандыгы менен түшүндүрүшөт. Бул климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө байланыштуу маселе болуп эсептелет.Бул сүрөттөгү мал жайып жүргөн малчылар бизге жайыт пайдалануу боюнча маалымат беришкен.Кыргызстандын малчылары транспорт катары айрым учурда аттар дагы колдонушат.Ак Муз айыл аймагында жайылган бул жаныбарлар, адатта, эртели кеч жайыттагы чөптөр менен азыктанышат жана кечке маал гана айылга кайтышат.Кышкы талаадагы жайытта оттогон эки төө.
Казыбек айыл аймагынын Жайыт комитетинин башчысы.
Малчылар үчүн кышка карата даярдыктын негизги түрү болуп жаныбарлар үчүн чөптү жетиштүү санда даярдоо маанилүү болуп саналат (Ак-Башат айылында).Жайыт комитеттери көбүнчө инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерди аткарышат, айрыкча жолдорду жана көпүрөлөрду оңдоого көнүл бурушат.Тоодон агып түшкөн суу, чөп өстүрүлгөн талаада жана жайыттарда сугат түрүндө пайдаланылат. үйдөгү мал жана кышкы тоюттар, жашоо үчүн негизги нерселер.Бир жайыттан башка жайытка өтүү.Жайыл айылынын чекесиндеги эрте жазда айдалган жерлер.Нарын облусундагы иш сапарында Батбаян менен Айбек Нарын шаарынын туштук жагындагы кооз кырка тоонун этегинде жайгашкан мейманканада токтошкон.