
Спутниктик маалыматтарды колдонуу менен Кыргызстандагы жайыттардын абалын билүү
Southampton Университетинин студенткасы Меган Стивенс, eOsphere окуу программасынын алкагында жайкы стажировкасын өтүү мезгилинде жайыттардын абалын анализдөөдө Кыргызстанды тандаган жана спутниктик маалыматтар топтомун кеңири пайдаланган. Ал SIBELIUs командасы түзгөн «Кыргыз маалыматтар кубу» долбоору көптөгөн жайыт пайдалануучулары үчүн пайдалуу болот, деп эсептейт. Ал SIBELIUs командасы жүргүзгөн иштер жайыт шарттарын жакшы түшүнүү менен көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жаткан жайыт пайдалануучулар коомуна колдоо көрсөтүү үчүн өтө пайдалуу болорун тастыктайт. Кыргызстандын маалыматтар кубу пиксели 10 чарчы метрге барабар спутниктик сүрөттөрдү берет жана алар бүткүл өлкөнү камтыйт.
Меган мырзайымдын биринчи милдети Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана каптаган аянттардын жаңыртылган картасын түзүү болгон. Суусамыр өрөөнү өлкөбүздүн маанилүү жайлоосу болуп эсептелет жана көптөгөн жайыт пайдалануучулар үчүн чоң мааниге ээ. Алтыгана – бул жарым бадал сымал өсүмдүк жана тикендүү жалбырагы мал жегенге тоскоол болгон ото өсүмдүгү. Малчылар билдиргендей, алтыгананын таралуу аянты акыркы жылдары кеңейип жаткандыгы жана баалуу жайыттардын аянты азайышы менен түшүмдүүлүгү азайганы тынсыздандыруучу маселе болуп жатат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги белгилеп кеткениндей алтыгана тез өсүп, көп аянттарга таралган өсүмдүк катары белгилүү болуп калды. Меган мырзайым алтыгана тараган аянттардын картасын спутник маалыматтарын пайдалануу менен түзүүгө боло турганын көрсөттү жана бул иш инновациялык кадам, деп эсептейт.

Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана тараган аянттар спутник маалыматтарында кочкул-жашыл түс менен берилген. Жайыт өсүмдүктөрү өсүп турган учурдагы спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдүн түсү өзгөрүп турган учур, жайыт өсүмдүктөрүнүн фитомассанын түшүмдүүлүгүнүн өзгөрүшү менен (NDVI аркылуу) түшүндүрүлөт.
Суусамыр өрөөнүндөгү мал жайыттардын жаңы картасы Меган мырзайым тарабынан 2020-жылы кабыл алынган маалыматтарды пайдаланууга негизделген жана ал 2014-жылдагы маалыматтарга таянып жасаган картага салыштырганда алтыгананын канча аянтка көбөйгөнүн көрсөткөн. Мында Sentinel 2 спутниги аркылуу алынган мааламыттарга таянган. Бул эки карта 2014-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилинде Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгананын аянты 6,3% дан 7,1% га чейин көбөйгөнүн көрсөттү. Бирок бул маселе дагы терең изилдөөнү талап кылат.
Алтыгананын аянтынын таралуу картасын түзүү үчүн, Меган мырзайым адегенде кызыл, жашыл жана көк түстөрдү жүктөп алып пайдаланган. RGB спутниктик маалыматтар 2020-жылдын теке айынан баштап пайдаланылган жана Data Cube форматында GeoTiff боюнча өткөрүлгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, бул спутниктик маалыматтарды QGISта колдонулат. QGIS – бул акысыз географиялык маалыматтык системанын баштапкы коду жана ал кодду карап чыгуу, редакциялоо жана талдоо геомейкиндиктик маалыматтарда колдонулат. RGB маалыматтары 10-метр аралыкты пиксел менен көрүүгө болгон сүрөттөрдү камсыз кылат. Демек, мурдагы алтыгананын аянттарын түшүргөн картага караганда азыркы Меган мырзайым жасаган карта алтыгана тараган аянтты спутник аркылуу так бере алат. Азыркы учурдагы спутник маалыматында ал тараган аянт кочкул-жашыл түстө берилген. Тактай кетчи нерсе, жашыл түс менен берилген жерлер дагы мурда токойлор катары аныкталган региондорго окшош эле. Меган мырзайым мурдагы токой аймактары берилген аянттар туура эмес белгиленгенин жана токойлор 2014-жылдан бери көп өзгөрүүгө дуушар болгон эмес деп, билдирет.
Меган мырзайым спутниктик маалыматтарды пайдаланууда QGIS жана RGB Sentinel-2 колдонуп, 2020-жылдагы жана мурдагы алтыгананын таралган аянтынын картасындагы айырмачылыктарды тапкан. Жаңы картаны түзүүдө ал бир жаңы түстү белгилеп алган жана алтыганын аянттарын так эсептөөдө идентификациялоонун жаны ыкмасын колдонгон. Анын жаңы жасаган алтыгана тараган аянттарды камтыган картасы жогорку чечмелөөдөгү пикселди камтыйт жана пайдаланууга ынгайлуу болуп саналат.
Меган мырзайым алтыгана каптаган аянттарды карангыраак түстү (кочкул-жашыл) берүү менен, ал эми токой тараган аянттарды ачыгыраак түстү (ачык жашыл) берүү менен айрымалаган. Мындай ыкма алтыгана тараган аянттарды жана токой тараган аянттарды тагыраак картага түшүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.
Ал карагана каптаган аянттардын спутник аркылуу тартылган сүрөттөрүн туура тактоодо кылдаттык менен иштеген. Мисалы, өтө кургак жерлерде кара жашыл сүрөттөр берилсе, булар булуттардын жер бетиндеги тушкөн көлөкөсү болушу мүмкүн экендигин эскерткен. Алтыгана каптаган аянттарды так тактоодо ар кандай мезгилде спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдү салыштыруу, ага жардам бергени шексиз. Меган мырзайымдын мындай ыкма менен түшүргөн картасы мал чарбасы менен алектенгендерди кызыктырбай койбойт жана алар жайыттарды пайдаланууда кеңири колдонулат.
Меган мырзайым ГИС системасы менен иштеген белгилүү адис болбосо дагы, мындай баалуу жумушту жасагынына ыраазычылык билдиребиз.
SIBELIUs долбоордун негизги компонентинин баалуулугу, бул пилоттук региондордогу малчылар менен тыкыз байланышта иштешүүсү болуп эсептелет. Бул тууралуу Жайыл районунун Жайыт комитетинин башчысы Билалов Алибек Чахоевич өзгөчө белгилет кетти.
Алар бул долбоордун жардамы менен жайыттарды туура пайдаланып, малды семиртүүгө боло турганына ынангандыгын белгилешет. Анткени, алар акыркы 5 жылда Суусамыр жайлоосун мал жаюу маселесинде олуттуу көйгөйлөргө дуушар болушкан. Мисалы, жайыттарды туура эмес пайдалананып, өсүмдүктөрдүн түшүмүн төмөндөтүү, жайыттарда уулуу чөптөрдүн жана алтыгананын көбөйүшү сыяктуу зыяндуу көрүнүштөр көбөйгөн жана аларга байланышкан малдардын илдеттеринин көбөйүшү көйгөйлүү маселе болуп калган. Мал жайыттардагы өсүмдүктөрдүн түрүн жана түшүмдүүлүгүн долбоор түзгөн карта аркылуу билүү малды жайыттарда туура жайгаштырууга мүмкуүнчүлүк берет. Аты аталган долбоор кыргыз малчылары үчүн спутник маалыматарынын жардамы менен түзгөн карта, малды коопсуз жайыттарда жайууга жана жайыт өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн туура пайдаланууга жол ачары шексиз.
Биздин долбоор спутниктерден алынган жаны мааламаттар менен түзгөн так картада камтылган, алтыгана тараган аймак жана алардын көбөйүшү жөнүндөгү информация, жергиликтүү бийликти өтө кызыктырат жана малчылар үчүн өтө керек. Биздин долбоордогу маалыматтар Суусамыр жайлоосунда жайыттарды туура пайдаланууга жардам берет жана зыяндуу алтыгана тараган аянттарда алтыгананы жок кылуучу иш аракеттерди (химиялык, механикалык жана комплекстик ыкмалар)жүргүзүүдө колдонулат жана алтыганага каршы эффективдүү иш чараларды тандап алууга жардам берет.
Ошондой эле Борбордук Азиядагы Америкалык Университети аныктагандай, алтыгана гүлдөгөндө мыкты бал берүүчү өсүмдүк болуп саналат жана анын бул сапатын дагы бал челек кармагандар туура пайдаланышы керек.
Алтыгана өсүмдүгү жайлоодогу тоолуу рельефте топуракты эрозиядан сактоодо дагы кызмат кыларын эстен чыгарбашыбыз зарыл.
Меган Стивенс мырзайым Southampton Саутхемптон Университетинин физика бөлүмүндө окуйт жана үчүнчү курсту аяктаган. Анын eOsphere мекесемесиндеги окуусун Түштүк-Чыгыш физикалык тармак (SepNET) уюштурган. Алар студенттерге ар жыл сайын 80 стипендия берип, аларадын баалуу тажрыйба алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берет.