
SIBELIUs долбоору Кыргызстанда
Кыргызстанда, 2020-жылдын январында SIBELIUs долбооруyнун Мерсико кеңсесинде биздин долбоордун биринчи жолугушуусу болуп өттү. Анда бардык катышуучуларды Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы директору мырзаайым Ума Кандалаева жылуу кабыл алып, куттуктады. Жыйында бир нече өзөктүү темалар каралды жана Ник Уокер мырза долбоордун максаттарына жана аны ишке киргизүүдөгү айрым негизги техникалык концепцияларга токтолду. Ал Жерди байкоо спутнигинин мүмкүнчүлүгүн максатка ылайык пайдаланууга жетүү үчүн долбоор бардык шарт түзөрүн айтты жана биздин максат Кыргызстанда, ушул артыкчылыктарды “Кыргыз ачык куб маалыматы” бренди аркылуу пайдаланууга боло турганын баса белгиледи.

Талкуунун дагы бир маанилүү темасы катары: долбоор ишке ашырылуучу пилоттук аймактарда, жергиликтүү бийлик кызматында, жайыт комитеттеринде жана мал чарбачылык менен алектенген чарбаларда сурамжылоо менен болгон интервьюларды өткөрүү каралды. Анда жайытты пайдаланууга тийиштүү маалыматтарды жана жайытты туура пайдалануу боюнча, ошондой эле жайыттка жайгаштырууну туура чечүү боюнча долбоордун мумкунчулугун толук пайдаланууга көңүл бурулду . Пилоттук аймактар болуп Чүй облусундагы Жайыл району жана Нарын облусундагы Ат-Башы району тандалып алынды. Бирок, биздин долбоордун спутниктиктен алынган маалыматтары пилоттук аймактарды гана камтыбастан, бүткүл Кыргызстандын аянтын камтыган инновациялык информацияны чогултат жана ушунусу менен актуалдуу болуп эсептелет.
Бишкек шаарындагы уюштурулган алгачкы жолугушуудан мурда эле долбоорду баштоо алдындагы иштердин биринчи фазасы иштей баштаганын белгилей кетиш керек жана бул жүргүзүлгөн иштер белгиленген иштерди максатка ылайык кеңирээк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бул жолугушуу биздин долбоорду ишке ашырууда зор кызмат өтөдү жана ага катышкан инсандардын сүрөтү төмөндө берилди:
